Аламүдүн районундагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
2026-03-10 - 07:47
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы жер мыйзамдарын текшерүү учурунда 2006-жылы Таш-Дөбө айылдык муниципалитетинде жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси жеке адамдарга мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Share this post: