Кыргызстан аэропорттору менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
2026-02-13 - 08:08
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому камсыздандыруу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропортторунун» басма сөз кызматы билдирди.
Share this post: