Түндүк-түштүк альтернативдик жолунда кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылды
2026-02-12 - 04:37
Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Share this post: