Украинадагы кырдаал. Женевадагы сүйлөшүүлөр алты саатка созулду жана дагы уланат
2026-02-18 - 03:46
Женевада Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча акыркы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү аяктады. Орусия, АКШ жана Киев делегацияларынын ортосундагы талкуулар алты саатка созулуп, чыңалган абалда өттү. Жолугушуулар бүгүн, 18-февралда да уланат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.
Share this post: