Өзбекстандан келген 82 миң 830 даана көчөт артка кайтарылды
2026-03-17 - 04:05
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82 миң 830 даана көчөттөр фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Share this post: